Кыргызстанда быйылкы түшүм аз деп бааланууда

Кыргызстанда быйылкы түшүм аз деп бааланууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык,

июлдун аягына карата дан эгиндери 230 миң гектар аянттан жыйналды.

Бул 3,3 пайызга аз дегенди түшүндүрөт. Андан тышкары, түшүмдүн

олуттуу азайышы буудай, арпа, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана

картошкага туура келет. Мындай кырдаалга

кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы алып келди.