Президент «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамды парламентке кайтарды

Президент Садыр Жапаров «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга кол коюудан баш тартып, кайра иштеп чыгуу үчүн аны парламентке жөнөттү. Бул тууралуу 24-августта Тоо-металлургчулар профсоюзунун төрагасы Элдар Таджибаев билдирди.   Анын айтымында, президент аталган мыйзамды буга чейин да кайра артка кайтарган, бирок парламент мамлекет башчысынын макулдашылган вариантты… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы туннель оңдоо иштери үчүн маалы менен жабылат

Төө-Ашуудагы туннель оңдоо иштери үчүн маалы менен жабылат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, 23-сентябрга чейин туннелде аба өткөрүү системасында алдын алуу, оңдоо иштери жүрөт. Андан улам, унаалар күн сайын 2 маал таңкы саат 7ден 8:30га чейин жана күндүзгү саат 2ден 3:30га чейин өткөрүлбөйт.

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 2 жаңы бала бакча ачылды

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 2 жаңы бала бакча ачылды. Биринчиси 100 орунга ылайык жана аны курууга Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом сарпталды. Кийинки мектепке чейинки билим берүү мекемеси 175 орундуу. Имараттын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 31 миллион сом багытталды.

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 миллион сом төлөп, үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 20-августта райондук сотко Абылгазиевдин ден соолугунун начарлашына жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергендигине байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратура арыз… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Бүгүн Бишкек менен Чүй облусунда күндүн экинчи жарымында нөшөрлөп жаан жаап, катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Андыктан жарандар сак болуп, унааларды жеңил конструкциялардын жана бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат.

Афганистандын мурдагы министри Лейпцигде курьер болуп иштеп жатат

Афганистандын мурдагы министри Лейпцигде курьер болуп иштеп жатат. Leipziger Volkszeitung гезити жазгандай, байланыш жана маалымат технологиясы боюнча экс-министр Сайед Ахмад Шат Саадат велосипед менен пицца ташыйт. Белгилеп кетсек, мурдагы министр 2020-жылы отставкага кеткен. Буга себеп Саадат өзү башкарган министрликтин каражатын «Талибан»* кыймылы менен күрөшүүгө багытталган… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы мектеп пайда болот. Жеңижок атындагы мектептин курулушу 82 пайызга аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объекти 225 окуучуга ылайык. Анда окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук жана акты залдары, ошондой эле жабдуулары менен химия, физика, информатика класстары болот. Учурда аяктоо иштери кызуу… Кененирээк…

Кыргызстанда мурда пайдаланылган катализаторлорду ташып чыгууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстанда мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын ташып чыгууга 6 айга тыюу салынды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Мындай чечим транспорттук газдын абаны булгашын азайтуу менен айлана-чөйрөнү коргоого багытталат. Көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып… Кененирээк…

Венецияга кирүү үчүн туристтерден акы алынат

Венецияга кирүү үчүн туристтерден акы алынат. Калаа башчыларынын чечими бир жылдан кийин күчүнө кирет. Баасы – сезонго жараша 1 адам үчүн 3 евродон 10 еврого чейин. Мындай чара аркылуу калаа бийлиги туристтердин шаарга көп санда агылышы менен күрөшүү ниетинде. Венеция өзү анча чоң эмес, бирок… Кененирээк…

Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу бар

Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, бүгүн, эртең Ысык-Көл жана Нарын облустарында күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу жогору. Андан улам, жарандарга өзгөчө этият болуу зарыл.