Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы көчөлөр ондолууда
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы көчөлөр ондолууда. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, иштер Көк-Таш айылында жүрүп жатат. Жалпысынан 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Тилкелер Орто-Суу, Көк-Таш жана Жалгыз-Өрүк айылдарын аралап өтөт. Курулуш иштерине 11 миллион сом багытталат. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилет.