Баткен районунун Газ айылында заманбап маданият үйү пайдаланууга берилди

Баткен районунун Газ айылында заманбап маданият үйү пайдаланууга берилди. Анда жабдуулар, музыкалык аспаптар жана эмеректер орнотулду. Бул максатта 3 миллион 350 миң сом жумшалды. Каражат республикалык бюджеттин эсебинен, жергиликтүү бюджеттен жана айыл тургундарынан чогултулду. Белгилеп кетсек, аталган айылдагы буга чейинки маданият үйү дээрлик 1 кылым… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасынан унаалар убактылуу өткөрүлбөйт

Кыргыз-кытай чек арасынан унаалар убактылуу өткөрүлбөйт. УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, «Торугарт» менен «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү түйүндөрү транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн жабык. Бул Кытайда «Күз” майрамын белгилөөгө байланыштуу. Түйүндүн иши 22-сектябрдан тартып кайрадан жанданып, жүк ташуучу унаалар Кытайдан Кыргызстанга өткөрүлө баштайт

Бишкекте бала бакчалар бүгүнтөн тартып иштеп баштайт

Бишкекте бала бакчалар бүгүнтөн тартып иштеп баштайт. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, бөбөктөр тайпаларга бөлүнбөстөн кабыл алынат. Буга чейин Бишкек райондорунун башчыларына жана билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки даярдоо мекемелерин азык-түлүк менен камсыздоо тапшырмасы берилди. Жаңы алгоритмге ылайык, ата-энелер дарбазадан ары киргизилбейт, мекемелердин кире беришине атайын… Кененирээк…

«Нефтчи» Кыргызстан кубогунун ээси аталды

Кочкор-Атанын «Нефтчи» футболдук клубу Кыргызстан кубогунун ээси аталды. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, 90 мүнөттүк негизги убакытта «Нефтчи» да, ага атаандаш болгон Бишкектин «Алга» командасы да гол киргизе алган эмес. Кошумча берилген эки таймда да эсеп ачылган жок. Жеңүүчүнү пенальти сериясы аныктап, «Нефтчи» 4:2 эсеби менен… Кененирээк…