Баткен районунун Газ айылында заманбап маданият үйү пайдаланууга берилди.
Анда жабдуулар, музыкалык аспаптар жана эмеректер орнотулду.
Бул максатта 3 миллион 350 миң сом жумшалды. Каражат республикалык бюджеттин
эсебинен, жергиликтүү бюджеттен жана айыл тургундарынан чогултулду.
Белгилеп кетсек, аталган айылдагы буга чейинки маданият үйү дээрлик 1 кылым
мурда курулган, ал авариялык абалда болчу.