«Нефтчи» Кыргызстан кубогунун ээси аталды

Кочкор-Атанын «Нефтчи» футболдук клубу Кыргызстан кубогунун

ээси аталды. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей,

90 мүнөттүк негизги убакытта «Нефтчи» да, ага атаандаш болгон

Бишкектин «Алга» командасы да гол киргизе алган эмес.

Кошумча берилген эки таймда да эсеп ачылган жок.

Жеңүүчүнү пенальти сериясы аныктап, «Нефтчи» 4:2 эсеби менен жеңүүчү аталды.

Оюн биринчи жолу Баткен шаарынын борбордук стадионунда өттү.

Быйылкы башкы олжо үчүн премьер-лигада, улуттук лигада жана

экинчи лигада ойногон 16 команда ат салышты.