Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүттөө иштери башталды

Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүттөө иштери башталды. Өлкө башчылыкка 5 талапкер бар. Алар, учурдагы президент Шавкат Мирзиёев, «Миллий тикланиш» партиясынын атынан Алишер Кадыров, элдик-демократиялык партиясынан Максуда Варисова, «Адолат» партиясынын лидери Бахром Абдухалимов жана Экологиялык партиянын өкүлү Нарзулло Обломурадов. Учурда беш партиянын өкүлдөрү өздөрүнүн программалары менен калкты… Кененирээк…

Айдоочуларга кышкы дөнгөлөктөрү туура тандоо жолдору айтылды

Айдоочуларга кышкы дөнгөлөктөрү туура тандоо жолдору айтылды. Россиялык адис Константин Епанешников «Прайм» агенттигине билдиргендей, алгач шинанын көлөмүнө көңүл буруу керек. Тикенеги барлар жол жок жерде, карда, тайгалакта жакшы жардамчы, ал эми ачык асфальтта тайгаланышы ыктымал. Ал эми тикенексиз дөңгөлөк шаар жолдору үчүн ыңгайлуу. Асфальтта жүргөндө… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 6га чейин Кызыл-Кыя, Можайск, Көлбаев, Армавирск, Кантемиров, Низов, Шайыр көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, “Калыс-Ордо”, “Жеңиш”, “Арча-Бешик” конуштарында жана Маевка айылында жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр пландык оңдоо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу.

Нарын районунун Чет-Нура айылында жаңы футбол талаасы пайдаланууга берилди

Нарын районунун Чет-Нура айылында жаңы футбол талаасы пайдаланууга берилди. Turmush басылмасы билдиргендей, курулуш иштерине 2 миллион сом багытталды. Каражат жеке демөөрчү тарабынан берилди. Аянтчанын ачылышына карата жергиликтүү жаштар арасында футбол боюнча таймаш өткөрүлуп, жеңүүчүлөргө медалдар жана дипломдор тапшырылды.

Ош облусунун аймагында дем алыш күнү эки ирет жер титиреди

Ош облусунун аймагында дем алыш күнү эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 19-сентябрда саат 08:40та очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталып, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында эки баллга чейин сезилди. Ошондой эле 19-сентябрда саат 21:21де… Кененирээк…

Учурда Бишкек—«Манас» аэропорту жолу ачык

Учурда Бишкек—«Манас» аэропорту жолу ачык, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы. Манас айылынын аймагында 19-сентябрда саат 29:30 чамасында жол кырсык болуп, жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бара жаткан аял киши көз жумган. Андан кийин конуштун жашоочулары топтолуп, жол жабылган болчу. Сокулук РИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү… Кененирээк…

Ош шаарында төкмө акындардын айтышы өтөт

Ош шаарында 23-сентябрда республикалык төкмө акындардын «Ак таңдай-2021» аталышындагы айтышы өтөт. Сынак «Алтын комуз» байгесине арналат. Иш-чаранын тандоо туру 22-сентябрда «Санжыра» эс алуу жайында, ал эми сынак 23-сентябрда Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өтөт.    

Кант шаарынын айрым жерлеринде газ жок болот

Кант шаарынын айрым жерлеринде газ жок болот. “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн саат 8 жарымдан кечки 5ке чейин Күреңкеев, Ленин, Зубков, Кутузов, Мичурин, Гагарин, Бакинск жана Совет көчөлөрүндө көгүлтүр от берилбейт. Убактылуу чектөөлөр пландык оңдоо иштерине байланыштуу.  

Оштун Араван районунда жаңы билим берүү мекемеси пайда болду

Оштун Араван районунда жаңы билим берүү мекемеси пайда болду. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Көчүбаев айылындагы жатак мектеп интернатынын жаңы окуу корпусу 225 окуучуга чакталды. Эки кабаттуу объект бардык шарттары менен курулду. Иштерге жалпысынан 84 миллион 500 миң сом багытталды. Аталган мектепте ата-энеси жок, аз камсыз болгон… Кененирээк…

“Кыргызстан обондору” радиосунда дүйнөлүк рекорд!

“Кыргызстан обондору” радиосунда дүйнөлүк рекорд! Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү радиостанциясынын ди-джейлери мамлекеттик тил күнүнө карата 62 саат бою түз эфир алып барат. Рекорд 22-сентябрь, ушул шаршемби эртең мененки саат 8де башталып, 24-сентябрь кечки саат 10до жыйынтыкталат. Рекорд коюу учурунда активдүү угармандарга белектер ойнотулат. Муну менен… Кененирээк…