Кыргызстандын энерго тармагынын карызы 135 миллиард сомго жетти

Кыргызстандын энерго тармагынын карызы 135 миллиард сомго жетти.   Бул тууралуу Бюджеттик насыяларды башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков билдирди.   Анын айтымында, энергетикалык тармакты өнүктүрүүгө алынган кредиттерди 2045-жылга чейин кайтаруу керек. Доолбеков белгилегендей, бюджеттик насыялар боюнча эң чоң бересе энергетикалык жана айыл-чарба… Кененирээк…

Өкмөттө иштеген Венера Рыскулова Ош шаарына вице-мэр болуп дайындалды

Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Алмаз Мамбетов бүгүн, 21-сентябрда, кол койгон.   Рыскулова буга чейин министрлер кабинетинин аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө эксперт болуп иштеп жаткан.… Кененирээк…

Бишкекте сентябрь жылуу аяктайт

Бишкекте сентябрь жылуу аяктайт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ушул жумада аба-ырайы жагымдуу болот. күндүз +26га чейин жетсе, түнкүсүн 10-14 градуста кармалат. Ушул жекшембиде абанын табы көтөрүлөт, 26-сентябрда +32ге чейин ысыйт. Бирок кийинки дүйшөмбүдөн тартып кайрадан жагымдуу күндөр кайтып келет, айдын аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине талапкерлигин көрсөттү

Бокс тарыхындагы мыкты мушкерлердин бири Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине талапкерлигин расмий түрдө жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, президенттик шайлоо май айында өтөт. 2020-жылдын ноябрында сегиз салмак боюнча мурдагы Дүйнө чемпиону өлкөнүн башкаруучу партиясын жетектеген. 42 жаштагы Пакьяо август айында өткөн WBA’дин (Бүткүл… Кененирээк…

Шайлоону чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды

Тышкы иштер министрлиги тарабынан Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды. Министрликтен билдиришкендей, шайлоону чагылдырууга катышууну каалаган чет элдик ЖМК өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменттинин press@mfa.gov.kg электрондук почтасына “Шайлоо 2021” деген белги менен төмөндө көрсөтүлгөн документтердин тизмесин жөнөтүүсү зарыл.… Кененирээк…

АКШга чет өлкөлүктөрдүн кириши ноябрда жеңилдетилет

АКШга чет өлкөлүктөрдүн кириши ноябрда жеңилдетилет. Ак үйдүн коронавирус боюнча координатору Жефф Зиентс билдиргендей, коронавируска каршы толук эмделген чет өлкөлүктөргө АКШ аймагына кирүүгө уруксат берилет жана алар карантинге алынбайт. Бул үчүн өлкөгө бара турган чет элдиктер учакка отурарда эмделгени тууралуу сертификатты жана вирустун жок экенин… Кененирээк…

Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Быйыл январдан июлга чейин республикадан дээрлик 292 миллион доллар чыгарылды. Аталган көрсөткүч былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 32 миллион 800 миң долларга көп, — деп билдиришти Улуттук банктан. Каражатты жеке тараптар атайын система менен которгон. Белгилеп… Кененирээк…

Германияда Ангела Меркелдин образында мамалак оюнчук чыгарылды

Германияда Ангела Меркелдин образында мамалак оюнчук чыгарылды. Кобург шаарынын жумшак мамалактар фабрикасы өндүргөн оюнчуктун баасы 189 еврого бааланат жана ал Меркелдин канцлер кызматынан кетүү урматына арналат. Мамалак оюнчук Меркелге окшоп кийинген жана колдору дагы белгилүү прототибге ылайык бармактары биригип турат. Коллекциялык мамалактардын болгону 500ү гана… Кененирээк…

Алыкулов көчөсүндөгү темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Алыкулов көчөсүндөгү “Сокулук – Бишкек1” темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Эртең, 22-сентябрда эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин тилкенин бир тарабында иштердин жүрүшүнө байланыштуу унаалар маалы менен өткөрүлбөйт. Альтернатив катары Садыгалиев көчөсүн айланып өтсө болот.

Алматыдагы атышууда беш киши каза тапты

Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда беш киши каза болгонун полиция департаменти билдирди. Окуя эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаран соттун чечими менен үйүн алдырып жиберген адамдын үйүнө келгенде болгон. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан. «Кылмышка… Кененирээк…