Кыргызстандын энерго тармагынын карызы 135 миллиард сомго жетти.
Бул тууралуу Бюджеттик насыяларды башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков билдирди.
Анын айтымында, энергетикалык тармакты өнүктүрүүгө алынган кредиттерди 2045-жылга чейин кайтаруу керек. Доолбеков белгилегендей, бюджеттик насыялар боюнча эң чоң бересе энергетикалык жана айыл-чарба тармактарына туура келет.