Ош шаарында көмүр сатуучу 15 түйүн ачылды

Ош шаарында көмүр сатуучу 15 түйүн ачылды. Вице-мэр Сонунбек Жунусбеков билдиргендей, учурда түштүк калаанын калкы үчүн кара отундун 1 килограммы 5-6 сомдон сатылууда. Муну менен катар калктын аярлуу катмарына жеңилдиктер каралды. Алсак, социалдык жактан жардамга муктаж жарандарга 4, 4 сом 50 тыйындан берилет. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бир мандаттуу система боюнча талапкерлердин саны 40ка жетти

Бир мандаттуу система боюнча талапкерлердин саны 40ка жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңешти шайлоого карата өзүн-өзү көрсөткөндөрдү каттоого алуу 13-октябрда аяктайт. Ал эми күрөө акысын төлөө мөөнөтү 18-октябрга чейин. Бир мандаттуулар 100 миң сом төлөшү керек болот. Добуш берүү 28-ноябрда өтөт.

Улуттук банк сомдун наркын туруктуу кармоо максатында интервенция өткөрдү

Улуттук банк сомдун наркын туруктуу кармоо максатында интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси дүйнөлүк валюта рыногуна чыгып                        31 миллион доллар сатты.   Бүгүн долларды сатып алуу курсу 5 тыйынга арзандап, ал эми сатуу мурдагы деңгээлинде – 84 сом 90 тыйын деп кармалып турат. Бул беш… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспортто жол кире тарифтерин көбөйтүү суроосун карап жатат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспортто жол кире тарифтерин көбөйтүү суроосун карап жатат. Автобус, троллейбустарда 11 сом, маршруттук таксилерде 15 сомго чейин көтөрүү сунушталды.   Ал эми пенсионерлер тууралуу айта турган болсок, алар эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин маршруттук таксилерде жүрүү үчүн азыркыдай… Кененирээк…

Кытайда мектеп окуучуларынын формасына атайын чиптер орнотулуп жатат

Кытайда мектеп окуучуларынын формасына атайын чиптер орнотулуп жатат.   Бул балдардын жүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн жасалууда. Эгер окуучу “кооптуу” деп көрсөтүлгөн аймакта болсо, анда мугалимге жана ата-энелерге дароо билдирме келет.   Бирок айрым ата-энелер мындай жаңычылдыкка каршы чыгууда. Алардын пикиринде бийлик “адамдарды көзөмөлдөө” жаатында аша чаап… Кененирээк…

Кыргызстанга Өзбекстандан күздүк буудайдын 1 миң тонна үрөнү келди

Кыргызстанга Өзбекстандан күздүк буудайдын 1 миң тонна үрөнү келди. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул боюнча эки өлкө ортосунда биргелешкен протокол кабыл алынган.   Ага ылайык, өлкөгө күздүк буудайдын аср жана давр сорттору жеткирилди. Үрөн аймактарга таратылып, 2022-жылдын түшүмүнө себүү үчүн колдонулат.

«Спутник V» вакцинасы менен эмделгендер АКШга кире албайт

Ноябрь айынан тарта «Спутник V» вакцинасы менен коронавируска каршы эмделгендер АКШга кире албайт. Бул вакцинаны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана америкалык бийлик тастыктаган эмес.   Буга чейин ДСУ «Россиянын вакцинасын чыгарган фабрикалардын биринде өндүрүштүк иштер тийиштүү талапты аткарбай жатканын» жарыялаган. Washington Post гезити «Спутник V»… Кененирээк…

Макдональдс компаниясы Францияда крандан аккан сууну сатып баштады

Макдональдс компаниясы Францияда крандан аккан сууну сатып баштады. Бул менюга жаңы азык киргизген дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, компания сууну бөтөлкөдө жеткирген фирма менен кызматташуусун токтотту.   Мындай жол менен Макдональдс компаниясы пластикти колдонууну азайтуу ниетинде.   Атайын чыпкадан өткөн суунун бир… Кененирээк…

Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы 7-октябрга чейин сакталат

Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы 7-октябрга чейин сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, күн сайын аба табы 5 градуска төмөндөйт.   Жума күнү кадимки суук түшөт. 2-октябрда республиканын түштүгүндө нөшөрлөгөн жаан жаайт, ал эми Ысык-Көл, Чүй, Нарын жана Талас облустарына кар аралаш жаан ишембиде келет. Тоолуу аймактарда кар жаап,… Кененирээк…

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери фармацевтикалык компаниялардын ишинде мыйзам бузууларды аныктады

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери фармацевтикалык компаниялардын ишинде мыйзам бузууларды аныктады.   Атайын кызматтын өкүлдөрү компаниянын кеңселеринде жана сактоочу жайларында тинтүү жүргүзүп, эки бухгалтерия жүргүзүлгөнүн аныкташты.   Аларды чиновниктер коргоп жүргөнү дагы ачыкталды. Андан тышкары, айрым препараттардын наркы жашырылып, бул салыктарды төлөбөй, калкка дарыларды жогорулатылган баада… Кененирээк…