«Түндүк-түштүк» альтернавтивалык унаа жолунун куруу иштеринин 2-фазасы ноябрда аяктайт.
Азия өнүктүрүү банкынын координатору Санжар Асаналиев билдиргендей, жолдун 2-фазасынын
алкагында асфальт төшөлүп бүттү. Учурда эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат. Алардын
узундугу 1,5 чакырымга жетет. Иштер жыл аягына чейин бүтөт. Белгилеп кетсек, «Түндүк-түштүк»
унаа жолун куруу үч фазага бөлүнгөн. Иштер толук 2024-жылы аяктайт. Долбоордун наркы
937 миллион доллар. Каражатты Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү,
Ислам өнүктүрүү банктары берет.