Кыргызстандын хоккейчилери алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышат.
Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдиргендей,
январда биздин жаштар курама командасы Мексикада өтө турган дүйнө
биринчилигине барат. Бул — III дивизион. Андан тышкары, кийинки жылдын
март айында Кыргызстанда дүйнө чемпионатынын IV дивизиону өтөт.
Ага алты өлкөнүн хоккейчилери катышат.