Россиядагы мигранттарга берилген жеңилдик 30-сентябрда аяктайт

Россиядагы мигранттарга берилген жеңилдик 30-сентябрда аяктайт.

Президент Владимир Путин кол койгон жарлыка ылайык, Россия аймагында

жүргөн башка өлкөнүн жарандары миграциялык каттоо, эмгек келишимин

түзүү жана аны расмий каттоо сыяктуу иштерди сентябрдын аягына чейин

бүтүрүшү керек. Эгер мындай документтер жок болсо миграциялык кызмат,

полиция айып салат же өлкөдөн чыгарылат. Кошумчаласак, Россияда

учурда расмий эсеп боюнча 600 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.