Бишкектеги коомдук унааларда жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт

Бишкектеги коомдук унааларда жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт.

Чечимге шаардык кеңештин  36 депутатынын 33ү макул деп добуш берди.

Жаңы чечимге ылайык, эми маршруттук таксилерде жол кире 15 сом,

автобус менен троллейбустарда 11 сом болот. Белгилеп кетсек, учурда

маршруттук таксилерде акы 10 сомдон болсо, автобус, троллейбустарда

8 сомдон. Бул тарифтер 9 жылдан бери көтөрүлө элек.