Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” мыйзамына кол койду.   Маданият тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн Бек Борбиев, Динара Акулова, Расул Маматкулов жана Айчүрөк Иманалиевага Эл артисти наамы ыйгарылды.    

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп пайда болот

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, курулуш иштери дээрлик аягына чыгып калды.   Мектеп 375 орунга эсептелген.   Анда окуу корпусунан тышкары, галереясы менен спорт зал, ашкана жана акты залдары каралган. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы… Кененирээк…

Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында Манастын айкели ачылды

Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында Манастын айкели ачылды.   Ачылышка Кечиөрендин мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кыргызстандыктар катышты.   Айкелди тургузууга кеткен каражат жеке демөөрчүлөр жана Кечиөрен мэриясы тарабынан бөлүнгөн. Эске салсак, буга чейин Анкарадагы сейил бактардын биринде… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Медеров, Суванбердиев, Тыныстанов көчөлөрүндө жана Малиновка, Кашка-Суу, Байтик, Лебединовка, Кызыл-Туу, Комсомол, Манас айылдарында, Кара-Балта, Шопоков шаарларында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов дагы бир ирет сыйланды

Күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов дагы бир ирет сыйланды. Ош шаарынын мэри жана  президенттин аймактагы өкүлү спортчуга эки бөлмөлүү батир жана   10 миң доллар тапшырды.   Эске салсак, Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени,   10 миллион сом… Кененирээк…

Перуда бир учурда дароо 200 жуп баш кошту

Перуда бир учурда дароо 200 жуп баш кошту.   Салтанатты Лима шаарынын мэри башкарды.   Кызыгы, үйлөнүп жаткан жуптардын эң улуусу 80 жашта болсо, эң жашы болгону 20да. Жергиликтүү бийлик ар бирине белек ыйгарды. Массалык үйлөнүү үлпөткө чейин бардык катышуучулар коронавируска тест тапшырган.