Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп пайда болот

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, курулуш иштери дээрлик аягына чыгып калды.

 

Мектеп 375 орунга эсептелген.

 

Анда окуу корпусунан тышкары, галереясы менен спорт зал, ашкана жана акты залдары каралган. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 1 миллион доллардан ашты. Каражат Сауд өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.