Россия өкмөтү Кыргызстанга 1 миң 150 тонна байытылган ун тапшырды

Россия өкмөтү Кыргызстанга 1 миң 150 тонна байытылган ун тапшырды.   Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Азык БУУнун Оштогу дүйнөлүк азык-түлүк программасынын сактоочу жайларына келип түштү.   Ун аз камсыздалган 40 миң үй-бүлөгө таратылат. Бирок бул колдоону алыш үчүн үй-бүлөлөр ар кандай коомдук… Кененирээк…

Кыргызстанда толугу менен эмдөөдөн өткөн жарандардын саны жарым миллионго жетти

Кыргызстанда толугу менен эмдөөдөн өткөн жарандардын саны жарым миллионго жетти.   Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Бүгүнкү күнгө карата вакцинанын эки компонентин 445 миң адам алса, бир компоненти 681 миң кыргызстандыкка жасалды.   Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинин божомолдору боюнча, 1-сентябрга карата коронавирустан 1 миллион… Кененирээк…

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 122 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 122 адамга материалдык жардам көрсөтүлдү.   Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдиргендей, бюджеттен бул максатта   34 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.   Ошондой эле, жабыркагандарга ай сайын жөлөк пул берүү маселеси чечилип жатат. Жөлөк пул… Кененирээк…

227 киши Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Аларга ылайык, 227 адам (анын 48и балдар) кыргыз жарандыгын алды. Көпчүлүгү этникалык кыргыздар.   Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен 180 киши (30у балдар) жарандыктан чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-сентябрда… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды

Бүгүн 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды. Парламент төрагасы Талант Мамытов VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери бүгүнкү күндөн тартып иштей баштаганын жарыялап, депутаттарды активдүү катышууга чакырды.   Кийинки отурум келерки аптада болору жарыяланды.   Парламент июндун аягында жайкы эс алууга тарап, 5-июлда кайра… Кененирээк…

Кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

31-августта Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз-казак эл аралык айтышы жыйынтыкталды. Байге фонду үч миллион сомду түзгөн бул айтышка Казакстандан сегиз акын катышты. Алар: Бөрүбай Орозумбетов, Айбек Калиев, Нурмат Мансуров, Мухтар Ниязов, Нурлан Эсенкулов, Аспанбек Шугатаев, Эржеңис Эбдиев, Алтынбек Ибрагимов. Ал эми кыргыз акындарынан… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт жүргүзүү кампаниясы 29-октябрда башталат

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт жүргүзүү кампаниясы 29-октябрда башталат. БШКдан билдиришкендей, агитация 27-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулат.   8-октябрга чейин аймактык комиссиялар талапкерлерге агитациялык материалдарды жарыялоого тилкелерди бөлүштүрүп бериши керек. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Бишкекте Ленская көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Ленская көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Фучиктен БЧКга чейинки тилкесинде “Суу системасын жана канализацияны жаңыртуу” долбоорунун алкагында магистралдык коллектор курулат.   Бул азыркы канализацияны жеңилдетип, шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп… Кененирээк…

БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирип алты саясий партия кайрылды

БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирип алты саясий партия кайрылды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди. Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.   Арызды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 3-сентябрь.   БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарь күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясий партиялар… Кененирээк…

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын жөлөкпулу көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендиктин 30 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди.   Өлкө башчынын айтымында, 4 миң сомдук пособие октябрда 6 миң сомго, ал эми кийинки жылдан тарта 8 миң сомго көтөрүлөт.   Андан тышкары, ата-энесинин экөөнөн тең айрылган… Кененирээк…