Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлдү.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Медеров, Суванбердиев, Тыныстанов көчөлөрүндө жана Малиновка, Кашка-Суу, Байтик, Лебединовка, Кызыл-Туу, Комсомол, Манас айылдарында, Кара-Балта, Шопоков шаарларында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.