БШК парламенттик шайлоого 80 эл аралык байкоочуну каттады

БШК парламенттик шайлоого 80 эл аралык байкоочуну каттады. Добуш берүү процессине 25 мамлекеттин өкүлдөрү көз салат. Алсак, байкоочулар тизмесинде КМШ парламент аралык ассамблеясынын өкүлдөрү жана Түркиянын Жогорк ушайлоо кеңеши бар.   Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Добуш берүү процесси аралаш система менен… Кененирээк…

Кыргызстанга кечээ жеткирилген “Файзер” вакцинасы эмдөө түйүндөрүнө бүгүн таратылат

Кыргызстанга кечээ жеткирилген “Файзер” вакцинасы эмдөө түйүндөрүнө бүгүн таратылат.   24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, бүгүн препарат Бишкек жана Чүй облусунун түйүндөрүнө, андан кийин өлкөнүн түштүгүнө бөлүштүрүлөт. Бардык каалоочулар ишембиден тарта эмдөө  түйүндөрүнө келип сайыдырып кетсе болот, — деди Ишенапысова.  … Кененирээк…

Ангела Меркелдин ыйгарым укуктары расмий жыйынтыкталды

Германиянын канцлери кызматында 2005-жылдан бери иштеген Ангела Меркелдин ыйгарым укуктары расмий түрдө жыйынтыкталды. Бирок шайланган парламент өкмөттүн курамын аныктаганга чейин ал канцлердин милдетин аткарып турат.   Өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 26-октябрда Меркелге жана анын кабинет мүчөлөрүнө ыйгарым укуктары аяктаганы тууралуу жарлыкты тапшырды. Германияда парламенттик шайлоо… Кененирээк…

АКШда окуучуларга Хэллоуин майрамында “Кальмар оюну” сериалындагы каармандардын кийимин кийүүгө тыюу салынды

АКШда окуучуларга Хэллоуин майрамында “Кальмар оюну” сериалындагы каармандардын кийимин кийүүгө тыюу салынды.   Бул 15 жашка чейинки балдарга тиешелүү. Өлкө бийлиги мындай чечимди сериалда зордук-зомбулук көрүнүштөрү көп болгондугу менен түшүндүргөн.   Буга чейин Британиядагы билим берүү мекемелери дагы тынчсыздануудан улам кореялык сериалды кичинекей балдарга көрсөтпөө… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда кийинки жумада жол кире кымбаттайт

Бишкектин коомдук транспортунда кийинки жумада жол кире кымбаттайт.   Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештен эскертишти. 1-ноябрдан тарта автобус, троллейбустарда жүрүү акысы 11 сом болсо, маршруттук таксилерде жүргүнчүлөр 15 сом бериши керек болот.   Пенсионерлер үчүн маршруттук таксилерде 50 пайыздык жеңилдик каралган, ал эми автобус, троллейбустарда… Кененирээк…

Парламенттик шайлоодо жалпысынан 2 миңден ашык шайлоо участогу ачылат

Парламенттик шайлоодо жалпысынан 2 миңден ашык шайлоо участогу ачылат.   Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, 2 миң 493 тилке өлкө аймагында болсо, 58и чет мамлекеттерде орун алат.   Анын 10 участогу бул ирет биринчи жолу ачылып жатат. Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстандын тасмалары Лос-Анжелесте өтө турган Дүйнөлүк Азиялык кинофестивалда тартууланат

Кыргызстандын тасмалары Лос-Анжелесте өтө турган Дүйнөлүк Азиялык кинофестивалда тартууланат.   Уюштуруучулардын айтымында, “Акыркы көч” жана “Шамбала” тасмалары фестивалдын алкагында 3-ноябрда көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.   Эске салсак, Дүйнөлүк Азиялык кинофестиваль быйыл жетинчи ирет өтөт. 1-ноябрдан 11-ноябрга чейин 20 мамлекеттен келген 30дан ашык тасма көрсөтүлөт.

Бүгүн парламенттик шайлоого катыша турган партияларды жана талакерлерди каттоо жыйынтыкталууда

Бүгүн парламенттик шайлоого катыша турган партияларды жана талакерлерди каттоо жыйынтыкталууда. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эскертет. Андан кийин талакерлердин үгүт жүргүзүү кампаниясы старт алат.   Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Бул ирет биринчи жолу добуш берүү процесси аралаш система менен өтөт.

“Электр станциялары” компаниясы 650 миллион сом насыя алат

“Электр станциялары” компаниясы 650 миллион сом насыя алат.   Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдиргендей, каражат электр энергиянын импортун төлөөгө жана Бишкек, Ош ЖЭБдерине көмүр сатып алууга багытталат. Ибраевдин айтымында, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү аз болгондуктан, электр энергияны импорттоо зарылчылыгы жаралды.   Муну… Кененирээк…

Кыргызстандын футболчулары Омандын командасынан утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия кубогу 2022 мелдешине тандап алуу турунда Омандын футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды. Фуджейра эмирлигинде өткөн мелдеште Кыргызстандын дарбазасына гол акыркы мүнөттөрдө кирип кетти.   Эскерте кетсек, Кыргызстан тандоо этабында Е тайпасына Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ), Оман жана… Кененирээк…