“Электр станциялары” компаниясы 650 миллион сом насыя алат

“Электр станциялары” компаниясы 650 миллион сом насыя алат.

 

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдиргендей, каражат электр энергиянын импортун төлөөгө жана Бишкек, Ош ЖЭБдерине көмүр сатып алууга багытталат. Ибраевдин айтымында, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү аз болгондуктан, электр энергияны импорттоо зарылчылыгы жаралды.

 

Муну “Электр станциялары” ишке ашырышы керек, бирок компаниянын бюджетинде  5 миллиард сомдук дефицит бар. Насыяга алынган 650 миллион сом жыл аягына чейинки электр энергиясын импорттоого жетет, андан кийин башка чаралар көрүлөт.