Мектеп окуучулары үчүн быйылкы кышкы каникул 12 күнгө созулат
Мектеп окуучулары үчүн быйылкы кышкы каникул 12 күнгө созулат. Балдар 31-декабрдан 11-январга чейин эс алышат, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен. Окуучулар парталарга кайрадан 12-январда кайтып келет. Эске салсак, республикада 2021/22-окуу жылы 15-сентябрда башталды. Андан улам, жылда салтка айланган каникул күндөрү да жылдырылууда.