Кыргызстанда соңку күндөрү турукташып жаткан жылуу аба-ырайынын ордуна суук түшөт

Кыргызстанда соңку күндөрү турукташып жаткан жылуу аба-ырайынын ордуна суук түшөт. Алсак, Бишкекте жана Чүй облусунда эртең термометр мамычалары 5-7 градуска чейин төмөндөйт. Кечкиге чейин жаан себелейт.

 

Бейшембиде кар жаашы мүмкүн, бирок катуу суук күтүлбөйт. Бирок шамал болот. Эс алуу күндөрү аба табы бир аз жылып, күз биз менен ошону менен коштошот.      14-декабрдан тарта Бишкекке чыныгы кыш келет. Күндүз -10, түнкүсүн -15 градустун тегерегинде суук болот.