Кытайда коронавирус тести оң жыйынтык көрсөткөн бейтаптарга 1 миң 570 доллардан тапшырылат

Кытайда коронавирус тести оң жыйынтык көрсөткөн бейтаптарга 1 миң 570 доллардан тапшырылат. Мындай чара жарандарды вирустун башталган этабында эле дарыгерлерге кайрылуусуна багыт берүү үчүн кабыл алынды.   Белгилеп кетүүчү нерсе, акчалай сыйлык өз ыктыяры менен келип тест тапшыргандарга гана берилет.

Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия жана Океания чемпионатында 8 медаль багындырды

Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия жана Океания чемпионатында 8 медаль багындырды.   Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн улуттук федерациясынан билдиришти. Биздин кадеттер 3 байгелүү орунга ээ болушту: Анарбек Ишенбаев алтын медаль алып келсе, Ханболот Ырысбеков жана Шахида Нармухамедова күмүш медалдарды жеңди, Муса Шабданбеков… Кененирээк…

Кыргызстан бюджетинин жыл башынан берки киреше бөлүгү 164 миллиард сомду түздү

Кыргызстан бюджетинин жыл башынан берки киреше бөлүгү 164 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 41 пайызга же 47 миллиард сомго көп.   Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон такташкандай, бир жыл мурда мамлекеттик бюджеттин кирешеси 116 миллиард сомду түзгөн. Жакшы көрсөткүч салык чогултуу… Кененирээк…

Бишкек мэриясы салюттан кийин жаңы жылдык кечелерден дагы баш тартты

Бишкек мэриясы салюттан кийин жаңы жылдык кечелерден дагы баш тартты.   Муниципалитеттен белгилешкендей, оор эпидемиологиялык жана экологиялык кырдаалды эске алуу менен, мэриянын жамааты жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүнүн ордуна ордо калаадагы ар кандай социалдык мекемелерге тиричилик буюмдарын жана техникасын сатып алуу чечими кабыл алынды.   Эске… Кененирээк…

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу боюнча жаңы ишкана ачылды

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу боюнча жаңы ишкана ачылды. Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин маалыматына ылайык, продукция өлкөдө кайталангыс болуп эсептелет.   Анда жыл сайын 600 миң жуп бут кийим чыгаруу пландалууда. Өндүрүлгөн товардын 40 пайызы Казакстанга экспорттолот. Агенттиктен белгилешкендей, буга чейин курулуш мээлейлерин чыгаруу боюнча долбоор… Кененирээк…

“Википедиянын” биринчи версиясы аукционго чыгарылды

“Википедиянын” биринчи версиясы аукционго чыгарылды.   Кеп, анын  2001-жылы түзүлгөн варианты тууралуу болуп жатат. Негиздөөчүлөрдүн бири Джимми Уэйлстин айтымында, сатыктын катышуучулары сайт алгач кандай болгонун көрө алат. Сатуудан кийин энциклопедия жалпы көрүүчүлөргө жеткиликтүү болот.

Чүй облусунда жыл аягына чейин жаңы мектеп пайда болот

Чүй облусунда жыл аягына чейин жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агеннтигинин маалыматына ылайык, Калыгул айылында курулуп жаткан мектеп 150 окуучуга чакталат.   Долбоор боюнча анда 2 кабаттуу окуу корпусу, спорт зал жана галерея жайгашат. Курулушка 46 миллион сом бөлүнгөн.

Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланат

Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланат. БШКдан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата протоколдордун 99 пайызы саналып бүттү.   Учурда аймактык шайлоо комиссиялары жыйынтык чыгарып баштады, андан кийин БШКга арыздарды жана даттанууларды кароого 3 күн берилет.   Ошондой эле, шайлоо күнү Боршайкомдун сайтында катталган катаны текшерүү… Кененирээк…

Садыр Жапаров кичи ишкерликти колдоо жана жагымдуу салык климатын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров кичи ишкерликти колдоо жана жагымдуу салык климатын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.   Ага ылайык, жылдык жүгүртүмү 8 миллион сомго жеткен субъектилер салыктан бошотулат.   Бирок алар ишинде сөзсүз түрдө кассалык аппаратты жана электрондук эсеп-фактураларды колдонушу шарт. Ишкерлер киреше салыгын, жер салыгын, кыймылсыз… Кененирээк…

Кытайда айдоочусу жок башкарылган автобустар сыналып жатат

Кытайда айдоочусу жок башкарылган автобустар сыналып жатат. Чет элдик басылмалар жазышкандай, Чунцин шаарында автономдуу айдоо технологиялары бар үч автобус сыноо режиминде коммерциялык пайдаланууга берилди.   Baidu технология гиганты тарабынан иштелип чыккан Robobus аталышындагы автобустардын узундугу 6 метр жана круиздик ылдамдыгы саатына 40 чакырымды түзөт.  … Кененирээк…