Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Улуттук кеңештин максаты — туристтик тармактын субъектилерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфраструктураны калыбына келтирүү жана өнүктүрүү. Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу пландалып жатат.