Бишкектеги жылуу аба-ырайы жума аягына чейин созулат

Бишкектеги жылуу аба-ырайы жума аягына чейин созулат. Болгондо дагы, + белгиси күндүз гана эмес, түнкүсүн дагы кармалат. Синоптиктердин айтымында, күндүз +8…14 градус жылуу болот.   Бул нормадан 7-10 градуска жогору. Бүгүн жаан кечкиге чейин басылбайт. Бирок эртеңден жекшембиге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 25-декабрда ордо калаага ызгаары… Кененирээк…

Румынияда эко балатылар популярдуу болууда

Румынияда эко балатылар популярдуу болууда. Аталган өлкөнүн ири шаарларынын  башкы аянттарында экологиялык таза материалдардан жасалган балатылар орнотулду.   Жаңы жылдын башкы символу ар кандай бутактардан куралган, ал эми оюнчуктар кайра иштетилген пластиктен жасалды. Жаратылышка зыянын тийгизбеген балатылар ошондой эле Чехия, Дания өлкөлөрүндө орнотулду.

Кыргызстанда быйыл сүт өндүрүү көбөйдү

Кыргызстанда быйыл сүт өндүрүү көбөйдү. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-ноябрь айларында республика боюнча                1 миң 582 тонна сүт өндүрүлдү.   Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 28 миң тоннага көп. Сүт өндүрүү республиканын бардык аймактарында жогорулады. Бул саан уйлардын көбөйгөнү менен байланыштуу,… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш кореялык кызматташтык агенттигинен 8 миллион доллар алат

Жогорку Кеңеш кореялык кызматташтык агенттигинен 8 миллион доллар алат. Каражат IT-инфраструктураны модернизациялоого жана парламентти санариптештирүүгө багытталат.   Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, долбоор 2022-26-жылдары ишке ашырылат. Эске салсак, ушул жумада парламенттин 7-чакырылышына келген депутаттар ант берип, 6-чакырылыш расмий түрдө ишин токтотот.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына жаңы келген депутаттарга мандаттар  22-декабрда тапшырылат

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына жаңы келген депутаттарга мандаттар  22-декабрда тапшырылат.  Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКдан билдиришти. Жаңы чакырылыш Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын негизинде ишин баштайт.   Мандат берилгенден кийин эки жума ичинде жаңы чакырылыш биринчи сессиясын өткөрүшү керек.   Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Азыркы… Кененирээк…

Айдоочуларга бүгүн жолдо этият болуу сунушталат

Айдоочуларга бүгүн жолдо этият болуу сунушталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн кечки чейин жаан жаап, ал карга айланат.   Бул өз кезегинде трассаларда муз тоңушуна алып келет. Андыктан, инспекторлор айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү  500 метр аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүүнү сунуштайт.

29-декабрдан тарта өлкөнүн өрт өчүрүүчүлөрү кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

29-декабрдан тарта өлкөнүн өрт өчүрүүчүлөрү кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Өрткө каршы күрөшүү мамлекеттик башкармалыктан билдиришкендей, мындай режимде кызматкерлер 2-январга чейин иштейт.   Ал эми жаңы жылдык түндө бардык курам нөөмөттө турат. Мындай чара ар кандай учурларга ыкчам таасир берүү үчүн кабыл алынууда.

Ошто мэр балатысы 27-декабрда өтөт

Ошто мэр балатысы 27-декабрда өтөт. novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, майрамга 600дөн ашык баланы чакыруу пландалып жатат. Алар ата-энеси жоктор, ден-соолугунунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары.   Арасында окуунун отличниктери, активисттер жана олимпиада жеңүүчүлөрү дагы бар.   Балдарга Аяз Ата жана Аяз кыздын… Кененирээк…

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы бүгүн Кара-Кече кенинен көмүр казуу  иштерин жандантты

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы бүгүн Кара-Кече кенинен көмүр казуу  иштерин жандантты.   Эске салсак, өткөн жумада жеринде тазалоо жумуштары аткарылды. Бирок Бишкек ЖЭБине кара отун үзгүлтүксүз жеткирилип жатты.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда суук түшкөндөн бери көмүргө суроо-талап кескин өстү. Бул баалардын жогорулашына алып келди. Улуттук банктын… Кененирээк…

Россия «Ачык асман» келишиминен чыкты

Россия расмий түрдө «Ачык асман» келишиминен чыгып, 18-декабрдан тартып өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну токтотту.   Москва мындай чечимди аталган келишимден Вашингтон 2020-жылдын ноябрь айында чыккандан кийин кабыл алды. АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп Россия келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгын айткан. Москва айыптоолорду четке кагып, келишимдин… Кененирээк…