Жалал-Абад шаарында дагы жаңы жылдык башкы балатынын оту жанды

Жалал-Абад шаарында дагы жаңы жылдык башкы балатынын оту жанды.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, кыш сулуусу «Эркиндик» борбордук

аянтына орнотулду. Анын бийиктиги 27 метрге жетет. Быйылкы балатыны жана

калаа көчөлөрүн жасалгалоого 612 миң сом багытталды. Эске салсак,

буга чейин Бишкек, Ош жана бир катар шаарларда жаңы жылдын

башкы символунун оту жандырылды.