Кыргызстанга биринчи партия менен жүк ташуучу жаңы он вагон алынып келди

Кыргызстанга биринчи партия менен жүк ташуучу жаңы он вагон алынып келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев билдирди.   Анын айтымында, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жана жүктөрдү ташууга болгон муктаждыктарды канааттандыруу максатында 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынган.  … Кененирээк…

Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан бошотулду

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.   Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп 2018-жылдан бери иштеп келген. Ал 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмеси менен катышкан. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен барган.  … Кененирээк…

Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Аида Касымалиева Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 37 жаштагы Аида Касымалиева ЖК төрагасынын орун басары болуп 2018-жылдын 26-декабрында шайланган. 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болуп келген.   Эмгек жолун «Азаттык» радиосунда иштөөдөн баштаган. Мындан… Кененирээк…

Талантбек Кушчубеков Венгрияга элчи болуп дайындалды

Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 23-декабрда кол койду. Кушчубеков буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.   Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги быйыл октябрда расмий ачылды. Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги 2020-жылы февралда ачылган. Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык алаканын… Кененирээк…