Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Аида Касымалиева Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

37 жаштагы Аида Касымалиева ЖК төрагасынын орун басары болуп 2018-жылдын 26-декабрында шайланган. 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болуп келген.

 

Эмгек жолун «Азаттык» радиосунда иштөөдөн баштаган. Мындан сырткары эл аралык Internews Network, Al Jazeera эл аралык телекомпаниялары менен кызматташкан, КТРКда, Борбордук Азиядагы Америка университетинде иштеген.

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кызматын 2016-жылдан бери Миргүл Молдоисаева аркалап келген. Туруктуу өкүлдөр Нью-Йоркто иштейт.