Талантбек Кушчубеков Венгрияга элчи болуп дайындалды

Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 23-декабрда кол койду.

Кушчубеков буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

 

Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги быйыл октябрда расмий ачылды. Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги 2020-жылы февралда ачылган.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө 2022-жылы 30 жыл толот.