TikTok социалдык тармагы 2021-жылы колдонуучулар эң көп кирген ресурс аталды

TikTok социалдык тармагы 2021-жылы колдонуучулар эң көп кирген ресурс аталды. Былтыр тизменин башына Google чыгып, лидер аталган. Бул жылы TikTok андан алдыга озуп кетти.   Экинчи орунда Google турса, Facebook үчүнчү орунду ээледи. TikTok — кыска видеолорду тартууга жана көрүүгө арналган колдонмо, ал кытайлык ByteDance… Кененирээк…

Адистер салют, петардаларды колдонуу эрежелерин сактоого чакырат

Адистер салют, петардаларды колдонуу эрежелерин сактоого чакырат.   novosti.kgге Өрт коопсуздугу башкармалыгынан билдиришкендей, пиротехникалык заттарды сатып алууда сапаттуулук сертификатын текшерүү зарыл. Коопсуздук максатында, салют, фейерверктерди үй, бак-дарактар жана электр өткөрүү зымдарынан алысыраак жардыруу керек. Эн башкысы, аларды балдарга берүүгө болбойт.   Петардалардан жарааттар болгондо тез… Кененирээк…

“ПСЖ” клубу Мессинин фамилиясы менен рекорддук сандагы футболкаларды сатты

“ПСЖ” клубу Мессинин фамилиясы менен рекорддук сандагы футболкаларды сатты. Жалпысынан, 1 миллиондун тегерегинде кийим сатылды. Пандемия болбосо, мындан дагы көп футболка сатылмак.   Андан тышкары, Мессинин трансфери “Пари Сен Жерменге” жаңы өнөктөштөрдү жана демөөрчүлөрдү алып келди.

Кыргызстан президентинин балатысы бүгүн өтөт

Кыргызстан президентинин балатысы бүгүн өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылаык, иш-чара Улуттук филармонияда өтөт.   Балдарды Аяз Ата жана Аяз кыздын катышуусу менен майрамдык программа күтөт. Андан кийин ар бирине таттуу белектер тапшырылат.

Жаңы жылдын алдында мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерүүдө

Жаңы жылдын алдында мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пиротехника сатуучу түйүндөрдү текшерүүдө. novosti.kgге ведомстводон билдиришкендей, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө, шаар мэрлерине жана соода борборлорунун жетекчилерине расмий каттар жөнөтүлгөн.   Инспекторлор эскертет: салют жана фейерверктер атайын белгиленген жерлерде гана сатылышы керек.

Жыл башынан бери кумшекердин баасы 12 сомго кымбаттады

Жыл башынан бери кумшекердин баасы 12 сомго кымбаттады. Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, эгер жыл башында кумшекерди жарандар килограммын 54 сомдон сатып алса, эми бул акзыктын баасы 65 сомго теңелди.   Жылдын биринчи жарымында кумшекердин баасы кескин кымбаттап баштагандыктан, ведомство тарабынан мамлекеттик жөнгө… Кененирээк…

Евробиримдик Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 19,4 миллион евро бөлүп берди

Евробиримдик Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 19,4 миллион евро бөлүп берди. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, каражат өлкөнүн санариптештирүү жана билим берүү тармактарына жумшалат. Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Евробирикменин ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталып, биримдик 2014-20-жылдар аралыгында Кыргызстанга 174 миллион доллар бөлүп берген.

Жолборс жылын кандай түстөгү кийим менен тосуу керектигин адис айтып берди

Жолборс жылын кандай түстөгү кийим менен тосуу керектигин адис айтып берди. Нумеролог Айсулуу Ахимованын айтымында, кирип келе жаткан жылдын ээсинин көңүлүн буруу үчүн бир түстүү кийимдерди кийүү сунушталат.   Мырзалар үчүн кочкул көк, кара, күрөң түстөр туура болсо, айымдарга ачык көк, жашыл, алтын, агыш түстүү… Кененирээк…

Бишкек мэриясы мыйзамсыз тургузулган соода объектилерин жок кылууда

Бишкек мэриясы мыйзамсыз тургузулган соода объектилерин жок кылууда. Муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Октябрь районунун администрациясы менен биргеликте Орто-Сай базарынын аймагында рейд жүргүзүлдү.   Жыйынтыгында, 10 соода күркөлөрү алынды. Андан тышкары, тротуарларда жайма базар уюштургандардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ишкерлер кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонууга милдеттүү

Ишкерлер кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Ведомство ишкерлер 2021-жылдын 1-июлунан тартып, ал эми 20 чарчы метрге чейин аянты бар соода түйүндөрү 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жаңы стандарттарга жооп берген ККМ колдонууга милдеттүү экенин эскертет.   Эске салсак, буга чейин Бишкектеги… Кененирээк…