Бишкекте 31-декабрга чейин жаңы жылдык жарманке өтөт.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, ордо калаанын
Раззаков жана Киев көчөлөр кесилишинде 25-декабрдан 31-декабрга
чейин арзандатылган товарлар сатылат. Андан калаа тургундары эт,
сүт азыктарын, бал, балык, жашылча-жемиштерди ала алышат.
Продукция ортомчусуз өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатылат.