Кыргызстанда Google, Facebook жана Yandex компаниялары салык төлөшүн каалашат

Кыргызстанда Google, Facebook жана Yandex компаниялары салык төлөшүн каалашат.

Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек

Ысабековдун айтымында, компанияларга бул жерден өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачуу зарыл эмес.

Болгону электрондук каттоого туруп, аралыктан отчет тапшырып жана салыктарды төлөөсө

жетиштүү болот. Чиновник белгилегендей, аталган компаниялар ставкасы

12 пайызды түзгөн КНС төлөшү керек. Так канча салык түшөрү азырынча белгисиз.