Япония Кыргызстанга 9 миллион доллар грант бөлөт

Япония Кыргызстанга 9 миллион доллар грант бөлөт.

Бул тууралуу Япониянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражат «Бишкек — Ош унаа жолун кардан коргоо»

долбоорунун алкагында кыш мезгилинде жол коопсуздугун камсыз кылууга жана

тилкеге эскертүүчү белгилерди орнотууга багытталат. Муну менен ички жана

эл аралык транспорттук байланыш үзгүлтүксүз аткарылат. Ошондой эле

экономиканы жандандырууга оң таасирин тийгизет.