Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына кайрадан киришти

Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына кайрадан киришти.

Ал кызматынан убактылуу гана четтетилгенин Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда Кожобековду кызматтан алган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча маалымат берген жок.

Кожобеков менен кошо Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин д

еканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматынан алынган.

Ош шаарында 3-ноябрда «Азаттык» партиясынын жолугушуусуна студенттер мажбур

катыштырылганын шаардык милиция аныктаган. Ондон ашуун студенттер жана

окуу жайдын мугалимдери суракка тартылган. 21-декабрда Министрлер кабинетинин

төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушкан.