Кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат.
Министрлер кабинети кабыл алган чечимге ылайык, майрамдардан кийин
1-январдан 9уна чейин дем алыш деп жарыяланды. Бул күндөрү жумасына
5 күндүк график менен иштегендер жумушка чыкпайт. Белгилеп кетсек,
дем алыш күндөрүнүн узарышы 15-январь, 26-февраль жана
26-марттагы эс алуулар ушул күндөргө кошулганы себеп.