«Түндүк электр» ишканасы бүгүнтөн тартып 4,5 миң керектөөчүнүн жарыгын аралыктан өчүрөт

«Түндүк электр» ишканасы бүгүнтөн тартып 4,5 миң керектөөчүнүн жарыгын аралыктан өчүрөт. Бишкек боюнча абоненттердин жалпы дебитордук карызы 14 миллион сомдон ашты. Бөлүштүрүүчү компаниядан эскертишкендей, ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн электр энергияга болгон төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү зарыл. Жарандар карыздарын терминал, электрондук капчык, банк кассалары жана почта бөлүмдөрүнөн… Кененирээк…

Баткен облусундагы Исфана шаарынын аталышы өзгөрөт

Баткен облусундагы Исфана шаарынын аталышы өзгөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, калаанын аталышы “Раззаков” болот. Эми документти министрлер кабинети жана Жогорку Кеңеш карашы керек.

Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштери убактылуу токтоду

Кара-Кече кенинен көмүр казуу иштери убактылуу токтоду. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Мындай чечим карьерди тазалоо иштерине жана көмүр казыла турчу жаңы жерлерди чалгындоого байланыштуу кабыл алынды. Иштер кайрадан 10-январда жанданат. Анын ортосунда компаниядан белгилешкендей, кара отун менен Бишкек ЖЭБин камсыздоо үзүлтүккө учурабайт.