Милициянын кайгуул кызматы 200 кызматкерге толукталат.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан
novosti.kgге билдиришкендей, кызматкерлерди кабыл алуу 3-этап менен
ишке ашып жатат. Алар атайы Ички иштер министрлиги академиясында
3 айлык окуудан өтүшүүдө. Учурда ордо калаада кайгуул кызматынын
545 кызматкери иштеп жатат. Алар 160 унаа менен камсыздалган жана
кызматтык жабдуулары жетиштүү.