Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кышкы кийимдер берилди

Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кышкы кийимдер берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жаңы жыл алдында ата-энесиз балдарга, аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан кышкы жылуу кийимдер берилди. Башкармалыктын башчысы Мухамадин Канатов… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда 28-декабрдан тарта милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

Бүгүн, 27-декабрда, Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 2022-жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын алкагында ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат өтөгөн кызматкерлер, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерде ийгиликке жеткендер сыйланышты. Салтанаттуу жүрүштүн… Кененирээк…

Бишкектин жолдору кардан тынбай тазаланууда

Бишкектин жолдору кардан тынбай тазаланууда. Мэриянын маалыматына караганда, бүгүн таңдан бери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 800 кызматкери иштеп жатат. Жумуштарга ошондой эле 40 атайын техника тартылды. Ордо калаанын 133 көчөсүнө 10 тонна техникалык туз себилди. Муну менен катар тротуар жана аялдамалар да кардан арылууда.

Бишкекте бокс боюнча улуттук курама команда машыгып келген спорт зал ачылды

Бишкекте бокс боюнча улуттук курама команда машыгып келген спорт залынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменттин директору Канат Шабданбаев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, бокс федерациясынын президенти Абдибакыт… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы трассалары кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы трассалары кыймылга ачык. Бул тууралуу Novosti.kgге унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Учурда ашууларда жана өтмөктөрдө кар тынбай жаап жатат. Аны менен бирге жолчулар тилкелерди кардан арылтып, инерттүү материал себишүүдө. Жерлерде инспекторлор нөөмөттө турат. Кыймыл көзөмөлдө. Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугарт унаа… Кененирээк…

Коронавируска каршы эмдөөдөн 1 миллиондон ашык кыргызстандык өттү

Коронавируска каршы эмдөөдөн 1 миллиондон ашык кыргызстандык өттү Бул тууралуу республикалык штабдан билидришти. Биринчи дозаны 1 миллион 214 миң адам алды. Муну менен өлкө боюнча жалпысынан вакцина алгандардын саны 2 жарым миллионго жете элек. Ал эми ковидге каршы Улуттук вакцинация планына ылайык, 3 миллион 400… Кененирээк…

Баткен облусундагы кирпич заводу ишке киргизилет

Баткен облусундагы кирпич заводу ишке киргизилет. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү боюнча кезектеги долбоорду жактырды. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын айтымында кирпич заводу жаңыланат жана кеңейтилет. Оңдоп-түзөө иштери фонддун эсебинен аткарылат. Өндүрүштүн ишке кириши менен жылына 8 миллион кирпич чыгарууга жана… Кененирээк…

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы бакчага кошумча корпус салынды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы бакчага кошумча корпус салынды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 50 бөбөккө чакталган мектепке чейинки даярдоо мекемесинин курулушу толук аяктады. Имарат заманбап стилде салынды жана анда балдар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Курулуштун сметалык баасы 3,5 миллион сомду түзөт. Каражат кайрымдуулук фонд тарабынан берилди.

Кыргызстанга Россиядан өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясы келди

Кыргызстанга Россиядан өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясы келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, февралдын аягына чейин дагы 58 унаанын келиши күтүлүүдө. Атайын техникалар Россияда чыгарылды жана ал Дүйнөлүк банктын жардамы менен алынды. Эске салсак, буга чейин ведомство башчысы Бообек Ажикеев атайын техника алуу үчүн Россия менен… Кененирээк…

Жаңы жылдык эс алуулардан кийин министрлер кабинети жана президент администрациясы электрондук форматта иштөөгө өтөт

Жаңы жылдык эс алуулардан кийин министрлер кабинети жана президент администрациясы электрондук форматта иштөөгө өтөт. Өлкө башчы Садыр Жапаров билдиргендей, 11-январдан тартып кагаз түрүндөгү документтер кабыл алынбайт, бул убакка чейин чиновиниктер жана кызматкерлер жаңы тартипке көнүшү шарт. Жаңы форматка толук өтүүгө алты ай убакыт берилет. Ага… Кененирээк…