Баткен облусунда кичи ГЭС курулууда.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
объекти Кыштоо айыл аймагын электр энергиясы менен камсыздайт.
Каржылоо жеке инвестор тарабынан болот. Долбоорду ишке ашыруунун
жалпы суммасы 1 миллион долларды түзөт. Курулуш иштерин
жаз башталганга чейин бүтүрүү пландалууда.