Кайра өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 26га жетти.
БШКдан билдиришкендей, Биринчи май округу боюнча 10 билдирүү түшсө, Свердлов
боюнча 16. Талапкерлерди жылдыруу 27-январда аяктайт. Эске салсак, ноябрдагы
добуш берүүдө аталган эки округда “Барына каршы” графасы озуп кеткен.
Андан улам аларда кайра шайлоо белгиленди. Жогорку Кеңешке
депутаттарды кайра шайлоо мүмкүнчүлүгү 27-февралда мүмкүн болот.