Кыргызстанда коронавируска кабылган жарандардын 60 пайызында оору жеңил же белгиси байкалбастан өтүп жатат

Кыргызстанда коронавируска кабылган жарандардын 60 пайызында оору жеңил же

белгиси байкалбастан өтүп жатат. Белгилеп кетсек, акыркы суткада инфекцияны

742 киши жуктурса, анын 632си Бишкекте катталды. Коомдук саламаттыкты сактоо

бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматованын айтымында, жарандар аралыкты жана

беткап тагынуу режимин сакташы зарыл. Учурда өлкөдө коргонуу каражаттарынын

запасы жетиштүү көлөмдө бар. Беткап өндүргөн 6 ишкана иштеп жатат.

Эске салсак, учурда өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп жатат.