Чүй облусунун Панфилов районунда жаңы бала бакча ачылды.
Мектепке чейинки даярдоо мекемеси Кум-Арык айылында жайгашат жана
ал 50 орундуу. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен
билдиришкендей, объект бардык керектүү эмерек, техника жана
жабдуулар менен камсыздалды. Курулуш иштерине
жалпысынан 22 миллион сом жумшалды.