Бишкекте Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөр кесилишинде суу менен камсыз кылуу системасы орнотулат

Бишкекте Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөр кесилишинде суу менен камсыз

кылуу системасы орнотулат. Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей,

учурда жеринде жазга чейин сууну кое берүү максатында скважина казуу боюнча

техника иштеп жатат. Долбоор боюнча скважинанын тереңдиги 210 метрди түзөт.

Бул эки сейил бакты суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Кеп,

Токомбаев – Байтик Баатыр кечилишиндеги сквер жана

Кыргызстан – Азербайжан элинин достугу паркы тууралуу болуп жатат.