Башкы прокуратуранын алдында ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча кеңеш түзүлдү
Башкы прокуратуранын алдында ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча кеңеш түзүлдү. Ведомстводон билдиришкендей, анын максаты мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн бирдиктүү иш алып баруусуна шарт түзүү болуп саналат. Учурда кеңештин мүчөлөрү куралууда.