Кыргызстандын бардык аймактарына электр энергиясы берилди

Кыргызстандын бардык аймактарына электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Түнү менен өлкөдөгү бардык подстанцияларда күчөтүлгөн тартипте нөөмөт жүргүзүлдү.

 

Абал энергетиктердин көзөмөлүндө, — дешти министрликтен. Эске салсак, кечээ түшкү саат 12ге жакын Кыргызстанда электр энергиясы өчтү.

 

Бишкек ЖЭБинин да иши токтоп, таза суу чыкпай калган. Түштөн кийин бул абал акырындап жөнгө салынып, кечинде ордо калаада жарык, суу жана жылуулук берилип баштады.