Кыргызстандан Россияга Казакстан аркылуу поезд каттамдарын жандантууга уруксат бериле элек.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.
Белгилеп кетсек, өткөн аптада казак тарап 21-февралдан тартып өзүнүн аймагы аркылуу поезд менен кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн катташына уруксат берген.
Россияга жүргүнчү ташыган поезд каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам жабылган.
Ага чейин жумасына эки жолу Бишкек-Москва, сегиз күндө бир жолу Бишкек-Новосибирск жана аптасына бир ирээт Бишкек-Казань каттамы болгон.