Атайын комиссия медициналык окуу жайларды текшерип баштады.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, комиссия мүчөлөрү 15-мартка чейин медициналык билим берген мекемелерге барып жеринде клиникалык базанын колдонулушун текшерет.
Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы талапка жооп бербеген 17 жеке менчик медициналык окуу жай жабыларын айткан.