Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу болбойт

Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу болбойт.

 

Мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Мурас-Ордо жана Калыс Ордо конуштарында эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин суу өчүрүлөт.

 

Мунун себеби суу дарбазасын жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү суу камдап алууга чакырат.