Күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдар ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, күч түзүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине кезектеги аскердик наамдарды ыйгарды.

 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын билдиришти.

 

Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуудагы алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет башчысы иш-чара катышуучуларын Ата Мекен коргоочулар күнү менен куттуктады.

 

Президенттин жарлыктарына ылайык:

 

Ички иштер министри Улан Ниязбековго “милициянын генерал-лейтенанты” наамы;

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго “генерал-лейтенант” аскердик наамы;

ИИМдин орун басары Нурбек Абдиевге “милициянын генерал-майору”;

ИИМдин дагы бир орун басары Октябрь Урмамбетовго “милициянын генерал-майору»;

Коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраевге “генерал-майор” аскердик наамы;

УКМК төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбековго “генерал-майор” аскердик наамы;

Коргоо министрлигинин 01003-аскер бөлүгүнүн командири Руслан Мукамбетовго “генерал-майор” аскердик наамы ыйгарылды.

 

Жапаров бүгүн наам алган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аларга жүктөлгөн милдеттерди мындан ары да татыктуу аткара берерине ишенимин билдирди.

 

Аларга мындан аркы кызматына ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.