Кыргызстанда 7 санитардык-карантиндик түйүн оңдолду

Кыргызстанда 7 санитардык-карантиндик түйүн оңдолду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, объектилерде жаңы кызматтык имараттар орнотулуп, коронавируска шектүү бейтаптар үчүн атайын изоляторлор пайда болду.   Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк каржылаган “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Калкты каттоодо 1 жылга жетпеген убакыттан бери алыста мигрант болуп жүргөндөр дагы эске алынат

Калкты каттоодо 1 жылга жетпеген убакыттан бери алыста мигрант болуп жүргөндөр дагы эске алынат. Бул тууралуу novosti.kgге Улуттук статистика комитетинен билдиришти.   Андан такташкандай, 12 айдан ашык чет мамлекеттерде жүргөндөр эсепке алынбайт. Анын ортосунда, учурда Кыргызстан аймагында жүргөн чет элдик жарандар, студенттер статистикага кошулат. Эске… Кененирээк…

Кыргызстанда той-аштарга мал союуга тыюу салынды

Кыргызстанда той-аштарга мал союуга тыюу салынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчы белгилегендей, колунда бар-жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга бөгөт коюлат.   Жарлыктын аткарылышын жергиликтүү бийлик жана участкалык милиция көзөмөлдөйт. Жакынкы арада калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.   Тыюуга баш… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.   Ысык-Көл облусунун буга чейинки башчысы Мирбек Кожоев башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.